09:00, 14 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Аптанын экинчи жарымында Бишкекте аба ырайы негизинен кургакчыл жана жылуу болору күтүлүүдө, бирок жекшембиде жамгыр жаашы мүмкүн.
Синоптиктердин айтымында, 14-августта абанын температурасы түнкүсүн +20 градустун тегерегинде, күндүз +35 градуска чейин жылыйт.
15-16-августта олуттуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт: түнкүсүн +17 градустун тегерегинде, күндүз +33 градуска чейин.
17-августта өзгөрүлмөлүү булут каптап, түнкүсүн +17 градус жылуу болуп, бир аз жаан жаап, күндүз +31 градуска чейин ысыйт.