Бишкекте Чоң Чүй каналын (ЧЧК) жакшыртуу жана реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар башчысы Айбек Жунушалиев Айбек Жунушалиев ЧЧКны комплекстүү реконструкциялоону тапшырды. Анда жээктерди бекемдөө, суунун нугун таштандылардан тазалоо, авариялык дарактарды алып салуу иштери камтылат.
Бишкек архитектурасына бир жуманын ичинде «Алга» спорт комплексинин жанындагы сейилдөөчү жайдын мисалында эс алуу аймагын түзүү менен көрктөндүрүү боюнча долбоорду даярдоо тапшырылды. Тиешелүү иштерди жүргүзүү Транспорт департаментине жана Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгына жүктөлдү.
Бардык иш-чараларды бир айдын ичинде бүтүрүү пландалууда.
Муниципалитеттен белгиленгендей, буга чейин Бишкек шаарында Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларын тазалоо иштери аяктаган.