13:54
USD 87.35
EUR 102.33
RUB 1.10

Ысык-Көлдө VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды

Бүгүн, 14-августта Чолпон-Ата шаарында VII Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды. Иш-чараны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) уюштуруп, форумга 800гө жакын делегат катышууда.

Форумдун программасына ЕАЭБдеги санариптик эгемендүүлүк жана технологиялык кызматташтык темасындагы пленардык жыйын, ошондой эле Петербург эл аралык экономикалык форумунун «Өнөктөштүк экономикасы: өндүрүштү локалдаштыруудан рынокторду кеңейтүүгө» деген темадагы биринчи көчмө сессиясы кирет.

Форумдун алкагында КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин тегерек столу, В2В-сессиясы жана өнөр жай, айыл чарба, транспорт, санариптик, медициналык жана туристтик кызматташтыкка арналган 50дөн ашык стенддер менен көргөзмө өтөт. Жыйынтыгында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюу пландаштырылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар