Жалал-Абадда 52 маданият мекемеси текшерилди

12:54, 14 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын бардык аймактарында маданият мекемелери текшерилүүдө. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, 52 мекеменин абалы менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызматкерлердин материалдык-техникалык абалы, эмгек шарттары жана маданий иш-чаралардын уюштурулушу боюнча маселелер көтөрүлдү. Мекеме жетекчилерине тийиштүү тапшырмалар берилип, маданий жайлардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар айтылды.

Жумушчу сапар Токтогул районунан башталып, Кара-Кел, Таш-Комур, Аксы, Кербен, Ала-Бука, Чаткал, Кочкор-Ата, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо (Казарман) райондорунда уланды.