16:03, 14 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн көрүнүктүү жазуучу, коомдук ишмер, КР эл жазуучусу Өскөн Даникеев 90 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Өскөн Даникеев 1934-жылдын 21-декабрында Сокулук районунда туулган. 1956-жылы Москва тоо-кен институтун аяктап, көмүр өнөр жай тармагында инженер, кийин Кыргыз ССРинин Көмүр өнөр жай министрлигинде улук инженер болуп иштеген. 1962-жылдан тартып Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу болуп эмгектенип, кыргыз тилинде сызыктык геометрия боюнча алгачкы окуу китебин жана инженердик-графикалык терминдердин сөздүгүн түзгөн.
Анын «Кыздын сыры», «Сыйкырдуу таш», «Өмүр белестери», «Көкөй кести» сыяктуу чыгармалары кыргыз адабиятынын алтын казынасынан татыктуу орун алган. «Көкөй кести» романы үчүн ага Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
Өмүр бою маданиятты жана адабиятты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Өскөн Даникеев «Ардак Белги» ордени, «В. И. Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгына арналган каарман эмгеги үчүн» медалы, Манас ордени (III даража), «Эл агартуунун отличниги» наамы, Бишкек шаарынын ардактуу жараны наамы, ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Өскөн Даникеев — сөз өнөрүнүн чебери, маданий баалуулуктардын коргоочусу, камкор устат жана ак пейил инсан катары эл эсинде калат.
Коштошуу зыйнаты — 15-августта саат 11:00дө Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.
Жерге берүү зыйнаты — Ала-Арча көрүстөнүндө болот.