16:17, 14 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, кыргыз тарап Афганстандын экономикалык жактан калыбына келүүсү, ошондой эле Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо боюнча афган бийлигинин аракеттерин колдой турганын белгиледи. Кыргыз Республикасы өз тарабынан афган өнүгүү күн тартибинин негизги маселелери боюнча активдүү иш алып барууда, эл аралык жана аймактык программаларды, ошондой эле Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү аймактык форумдарга катышууда.
Касымалиев кыргыз тараптын эки тараптуу кыргыз-афган кызматташтыгын, ошондой эле Афганистан менен аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.
Министрлер кабинетинин башчысы эки өлкөнүн соода-экономикалык чөйрөдө, айрыкча транспорт, энергетика, айыл чарба, жеңил өнөр жай тармактарында чоң мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгиледи.
Афганистандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуруддин Азизи жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Афганистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Мохаммад Хасан Ахунддун саламын айтты. Нуруддин Азизи афган тараптын Кыргызстан менен өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.