20:17
USD 87.38
EUR 101.97
RUB 1.10

«Кыргызстан аэропорттору» эки учак сатып алууга инвестиция тартууда

Ысык-Көлдө өтүп жаткан VII кыргыз-россия экономикалык форумунун алкагында заманбап учактарды сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, келишим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия өнүктүрүү банкы, «Элдик Банк» ААК жана «Кыргызстан аэропорттору» ААК ортосунда түзүлдү.

«Документ тараптардын Airbus A320/A321 же Boeing 737NG тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашыруу ниетин бекемдейт. Бул кадам улуттук авиациянын өнүгүшүнө жана учуу географиясынын кеңейишине чоң түрткү болот.

Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен авиакаттамдардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүп, биздин жарандар үчүн учуулардын ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп ишенебиз. Бул Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын чыңдоого маанилүү салым болуп саналат», — деп жазды ал.

Келишимге ылайык, тараптар долбоорду тыкыр талдап чыгып, финансылык моделди иштеп чыгышат жана зарыл болгон инвестицияларды биргелешип кызматташтыкка тартышат. Долбоорду жүзөгө ашыруу 2025-жылдын сентябрына пландаштырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар