Бүгүн Владимир Путин менен Дональд Трамп жолугушат. АКШнын делегациясы айтылды

10:03, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ак үй АКШ президенти менен бирге орус өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө кимдер катышаарын аныктады.

АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Виткофф жана каржы министри Скотт Бессент Дональд Трамп менен Анкориджге учушат.

Эске салсак, буга чейин орус лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков орус делегациясынын курамын жарыялаган. Анын курамына тышкы иштер министри Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, коргоо министри Андрей Белоусов, каржы министри Антон Силуанов жана Орусиянын түз инвестициялык фондунун жетекчиси Кирилл Дмитриев кирет.

Бүгүн, 15-августта жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 11:30да (Бишкек убактысы боюнча 1:30) Владимир Путин менен Дональд Трамп алгач котормочулар менен жекеме-жеке сүйлөшүүсү пландалууда. Андан соң делегациялардын курамында сүйлөшүүлөр уланат.

Аляскада Орусия менен АКШ Украинанын айланасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселеси боюнча мунаса табууга аракет кылышат.