13:07
USD 87.38
EUR 101.97
RUB 1.10

Кытайда өтүп жаткан дүйнөлүк оюндарда кыргыз самбочулары үч медаль жеңди

13-14-август күндөрү Кытайдын Чэнду шаарында 2025-жылкы Дүйнөлүк оюндарда күжүрмөн самбо боюнча турнир өттү. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.

Кыргызстандык команда үч коло медалга ээ болду — Курманбек Замирбек уулу (71 кг чейин), Бектен Эркебай уулу (88 кг чейин) жана Үсөн кызы Акак (54 кг чейин).

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк оюндар 7-17-август аралыгында Чэнду шаарында өтүп жатат. Дээрлик 4 миң спортчу спорттун 34 түрү боюнча 256 дисциплина боюнча күч сынашат.

Эң көп окулган жаңылыктар