10:25, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
13-14-август күндөрү Кытайдын Чэнду шаарында 2025-жылкы Дүйнөлүк оюндарда күжүрмөн самбо боюнча турнир өттү. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча эл аралык федерациянын сайтында маалымдалды.
Кыргызстандык команда үч коло медалга ээ болду — Курманбек Замирбек уулу (71 кг чейин), Бектен Эркебай уулу (88 кг чейин) жана Үсөн кызы Акак (54 кг чейин).
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк оюндар 7-17-август аралыгында Чэнду шаарында өтүп жатат. Дээрлик 4 миң спортчу спорттун 34 түрү боюнча 256 дисциплина боюнча күч сынашат.