Чолпон-Атада «Ысык-Көлдүн жээгиндеги балет кечеси» өтөт

11:28, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

15—16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Ысык-Көлдүн жээгинде балет кечеси» өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдүн жээгинде көрүүчүлөргө дүйнөлүк балет классикасынын шедеврлери жана белгилүү спектаклдер тартууланат. Программа эки күнгө созулат. Кирүү акысыз.

График:

15-августта — 19.00де башталат;

16-августта — 16.00де башталат.

Бул маданий кечелердин негизги максаты — балет өнөрүн жайылтуу, жаш муунга искусствого болгон сүйүүнү тартуулоо жана Ысык-Көл аймагын эл аралык маданий аянтча катары кеңири жайылтуу болуп саналат.

Маалым болгондой, иш-чара өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапарованын колдоосу менен уюштурулган.