УКМК Бишкектеги жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

11:57, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото УКМК. Бишкекте жер мафиясынын ишмердүүлүгү токтотулду

УКМК тарабынан райондук мамлекеттик администрациянын, архитектура, кадастр жана мамлекеттик архив органдарынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери баш болгон «жер мафиясынын» коррупциялык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында айыпталуучу турак жайдын башкы планын жана райондук мамлекеттик администрациясынын «Жеке өнүктүрүү маселелери жөнүндө» токтомдорун жасалмалоо менен, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде сакталып, Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында жайгашкан аянты 1 гектардан ашык болгон 21 мамлекеттик жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алган.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында мамлекетке 300 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Көрүлгөн чаралардын алкагында коррупциялык схеманын уюштуруучулары Б.К.Э. жана У.М.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар жасаган кылмыштардын күнөөсүн мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтарып беришти.

Учурда тергөө иштери уланып, кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү, ошондой эле коррупциялык схеманын башка катышуучуларын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө