14:36
USD 87.38
EUR 101.97
RUB 1.10

Быйыл Кыргызстандын ИДПнын көлөмү 865 миллиард 218,7 миллион сомго жетти

2025-жылдын жети айында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 2024-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 11,5 пайызга өсүү менен 865 миллиард 218,7 миллион сомду түздү.Бул тууралуу бүгүн, 15-августа Улуттук статистикалык комитеттин маалымат жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү бир аз басаңдады: 2025-жылдын январь-июнь айларында ал 11,7 пайызды түзгөн. Ошого карабастан, ал ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында гана эмес, дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири бойдон калууда.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 374 миллиард 620,9 миллион сомго жетти. 2024-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 11,33 пайызга өскөн.

Белгиленгендей, ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары, тейлөө тармагы жана продукцияга таза салыктар менен камсыз кылынат.

Алсак, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (51,1 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Товар чыгарган тармактардын салыштырма салмагы, тескерисинче, 32,8 пайызды, продукцияга салык 16,1 пайызды түздү.

Мында керектөө бааларынын индекси жылдык мааниде 8,8 пайызга жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-август, жума