16:14, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 15-августта көпүрө сынып, жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына кулап кеткен 41 жаштагы айдоочу Азамат Асанбековдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн дайынсыз болуп жаткан айдоочуну издөөгө 198 адам тартылган. Алардын арасында ӨКМдин куткаруучулары, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар болгон.
Сөөктү издөө иштери эки күнгө созулду. Учурда керектүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.