Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар кызматына жаңы куткаруу шаймандары тапшырылды

16:54, 15 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 15-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык өзгөчө кырдаалдар кызматына керектүү куткаруу техникалары тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ош мэриясы. ӨКМнын Ош шаардык кызматында жаңы куткаруу техникалары берилди
Шаардык мэриянын эсебинен башкармалыкка мотопомпа, дрон, стабилизатор, өрт өчүрүүчүлөрдүн атайын кийими, байланыш каражаттары жана башка бир катар зарыл жабдыктар алынып берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри Жеңишбек Токторбаев өрткө каршы касканы кийип көрдү.

Фото Ош мериясы . ӨКМнын Ош шаардык кызматында жаңы куткаруу техникалары берилди
Бул шаймандар ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жана тилсиз жоодон сактанууда пайдаланылып, калкка ыкчам кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.