Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкө аймагында «Криминал» атайын операциясын жүргүзүүнү улантууда. Ведомствонун басма сөз борбору билдиргендей, иш-чаралар Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жүргүзүлдү.
Ошентип, атайын кызматтардын маалыматы боюнча, Ички иштер министрлигинин адистештирилген реестринде төмөнкүлөр бар:
Баткен облусу боюнча — уюшкан кылмыштуу топтун 26 мүчөсү (алардын ичинен тогуз адам республиканын аймагында, үчөө чет мамлекеттерде жазасын өтөп жатышат);
Ысык-Көл облусу боюнча — уюшкан кылмыштуу топко катышкан 144 адам (анын ичинен 16сы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелеринде, 9у Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен);
Нарын облусунда — 33 адам.
Катталган жеринде жашаган адамдар менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Алардын айрымдарынын биометрикалык маалыматтары (бармак изи) алынган, ошондой эле алардын уурулук жана криминалдык идеядан баш тарткандыгы жана КР мыйзамдарын сактагандыгы тууралуу видеоматериалдар да документтештирилген.
Катталган дареги боюнча жашабаган адамдарга карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Эске салсак, «Криминал» операциясынын алкагында буга чейин Ош облусунда атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан профилактикалык иштер жүргүзүлүп, 82 адам Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Чүй облусунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар 255 адам бар; Талас облусунда 48 жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат.