Өткөн аптада Кыргызстанда 22 миң 294 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 11-августтан 17-августка чейин төмөнкүдөй мыйзам бузуулар катталган:
тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 893;
мас абалында унаа башкаруу — 290;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 170;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 845;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 937;
авто ээнбаштык — 49;
белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 454;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 10 527;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 097 унаа айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат