12:37
USD 87.44
EUR 101.77
RUB 1.08

Бишкекте 19-августтан тарта ичүүчү суу өчүрүлөт

19-августта Бишкекте саат 10:00дөн 24:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:

Токтоналиев — Гшлиессера — Масалиев проспектиси — Миңжылкиев көчөсү — Сагындыков.

Өчүрүү шаардагы диаметри 300 миллиметр болгон суу түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу болууда.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Эң көп окулган жаңылыктар