Кыргызстандан мал экспорттоо кыскарды

11:39, 18 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандан мал экспорттоо былтыркыга салыштырмалуу азайды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан эттин баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүү болушун камсыздоо боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында быйылкы жылы малдын экспорту бир топ кыскарган.

Алсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан 30 миң 493 баш бодо мал, 31 миң 781 кой-эчки, ошондой эле 1 миң 636 жылкы гана экспорттолгон.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда экспорттун көлөмү бир топ жогору болгон. Алсак, 2024-жылы өлкөдөн 77 миң 907 бодо мал, 70 миң 392 кой-эчки, 5 миң 113 жылкы экспорттолгон.

Өткөн жылга салыштырмалуу:

• бодо малдын экспорту 47 миң 414 башка кыскарды,

• кой-эчкинин экспорту 38 миң 611 башка кыскарган,

• жылкыларды экспорттоо 3 миң 477 башка кыскарган.