03:23
USD 87.45
EUR 102.15
RUB 1.09

Кыргызстандык Адилет Акылбеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты

Кыргызстандык Адилет Акылбеков Болгарияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Самоков шаарында 17-августта 20 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүп жатат.

74 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Адилет Акылбеков италиялык Рауль Касону 4:2 эсебинде жеңип, жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Кыргызстандык балбан алтын медаль үчүн болгон таймашта Орусиянын атынан беттешкен Исмаил Ханиев менен күрөшөт. 20 жашка чейинки спортчулар үчүн уюштурулган турнир бүгүн, 17-августта Болгариянын Самоков шаарында старт алды.

74 килограмм салмак категориясындагы финалдык таймаш бүгүн, 18-августта өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар