Балыкчы шаарында масштабдуу өзгөртүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, Балыкчы шаары — туризмдин жүрөгү болгон керемет Ысык-Көлдүн босогосу. Негизги жаңыртуулар шаардын кире бериш бөлүгүнө да, шаардын инфраструктурасынын негизги объекттерине да таасирин тийгизди.
«Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кайтып келип, мен Балыкчыга токтодум. Шаарда чоң өзгөрүүлөр башталды», — деп белгиледи ал.
Анын айтымында, мурда кире беришинде арка бар эле, кире бергендеги өтмөк тар, жүрөктү кысат болчу. Ал буга чейин алып салынган. Анын ордуна жаңы арка тургузулуп, үстүнө «Ак кеме» орнотулат экен. Мындан сырткары, толкун формасында жасалган фото-зона курулуп, элдер сүрөткө түшө турган сонун жай болот.
Мындан тышкары, шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган желек жаңыртылып, реконструкция болот. Ошол эле жерде балык саткандар бар болчу. Алар жол тыгынын жаратып, коопсуздук сакталбай өздөрүнө деле оор эле. Мына ошол соода кылгандарды дагы көчүрүүгө атайын «Балык» базары салынып жатыптыр.
«Ал жай кышында жылуу, жайында салкын болуп, соодагерлер үчүн да, кардарлар үчүн да ыңгайлуу болот экен», — деди президенттик аппараттын өкүлү.
Ошондой эле автобекет да заманбап деңгээлде курулуптур, 200дөн ашык такси, он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Унаа токтоочу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлей турган болот.
Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат", — деп жазды ал.
Шаарды реконструкциялоо жергиликтүү тургундар үчүн шарттарды жакшыртууга жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.