Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды. Коррупция боюнча айыпталууда

15:05, 18 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды. Маалыматты 24-kg.com агентигине Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Уюшкан топтун, кылмыштуу чөйрөнүн кызыкчылыгын көздөгөн же оор залал келтирген деп айыпталган район башчысы 4-сентябрга чейин камакта калтырылды.

Фото Интернеттен алынды. Жапарбек Ормонов

Эске салсак, Жапарбек Ормонов 2023-жылдын август айында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган. Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Ош шаарынын мэринин орун басары, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон.