Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы коррупциялык кылмыштары үчүн кармалды. Блу тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тендерден жеңип чыккан иш аткаруучудан (подрядчик) колдоо көрсөткөндүгү үчүн — 10 млн 200 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.
Буга чейин Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылына спорт залдын курулушу боюнча баасы 25 млн сомду түзгөн тендер өткөрүлгөн.
Ошентип, 15-августта «Опузалап пара алуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.А. пара алып жаткан жеринен кармалды.
Учурда кармалган жаран УКМК Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.