06:25
USD 87.37
EUR 102.26
RUB 1.08

U-20: Кыргыз балбаны Адилет Акылбеков дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык балбан Адилет Акылбеков Болгариянын Самоков шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу UWW сайтында маалымдалды.

18 жаштагы кыргыз балбаны эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмакта күч сынашып, финалда орусиялык спортчу Исмаил Ханиевге утулуп калды — 0:11.

Эске салсак, кыргызстандык 1/16 финалдан баштап, канадалык атаандашын мөөнөтүнөн мурда 12:0 эсебинде жеңип, андан кийин Литвадан келген балбанды да мөөнөтүнөн мурда жеңген. Жарым финалда Адилет Акылбеков казакстандык балбандан күчтүү болсо, финал үчүн күрөштө Италиядан келген балбан менен беттешти.

Белгилей кетсек, 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 24-августта жыйынтыкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар