11:32
USD 87.43
EUR 101.42
RUB 1.08

Трамп менен Зеленский жолугушуусу: Украинадагы кырдаал кандайча өзгөрүшү мүмкүн?

Ак үйдө АКШ менен Украинанын президенттеринин жолугушуусу аяктады. Эске салсак, тараптар бир, бирок маанилүү маселени — согушту кантип токтотууну талкуулашкан.

ЖМК булактары
Фото ЖМК булактары

Владимир Зеленский АКШга европалык лидерлер менен өлкөсүнүн коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо үчүн келген. Зеленскийдин чоң чуу жараткан биринчи сапарынан айырмаланып, бул жолу Дональд Трамп менен сүйлөшүү достук маанайда өттү.

Вашингтон Украинага АКШ менен Европадан (биринчи кезекте Европадан) «көп жардам» берилерин убада кылууда. Кандай жардам көрсөтүлүп жатканы азырынча белгисиз. Владимир Зеленский Дональд Трамп менен сүйлөшүүсүн «абдан жакшы» деп атады.

Буга чейин АКШ президенти Орусияга койгон ок атышууну токтотуу талабынан баш тарткан. Ал бул тууралуу бир нече жолу кайталап, тынчтыктын алдында сөзсүз түрдө элдешүү болушу керек эместигин белгилеген. Европада бул Владимир Путинге жеңилдик катары бааланган.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды

АКШ лидери Зеленский жана аны коштоп жүргөн бир катар европалык мамлекеттердин башчылары менен сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратып, орус президентине телефон чалган.

Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар түз сүйлөшүүлөрдө Москва менен Киевдин «делегацияларынын деңгээлин көтөрүү» идеясын талкуулашты.

Украинанын башчысы менен жолугушуудан кийин Дональд Трамп Путин менен Зеленскийдин жолугушуусуна «даярдана баштаганын» билдирди.

ЖМКдан
Фото ЖМКдан

Овал залдан чыккандан кийин Владимир Зеленский Ак үйдүн жанында брифинг өткөрдү. Анын негизги билдирүүлөрү төмөндөгүчө болуп саналат.

— Бул биздин эң жакшы жолугушуубуз. Биз көп нерсени майда-чүйдөсүнө чейин талкууладык.

— АКШ Украинанын коопсуздук кепилдигине катышуучу болоорун ачык белгилөөдө.

— Орусия алгач эки тараптуу, андан кийин үч тараптуу жолугушууну сунуштады. Эки тараптуу жолугушуунун чоо-жайын билбейбиз.

— Мен Путин менен эч кандай шартсыз жолугушубуз керек деп эсептейм. Эгер биз алдын ала ок атышпоону талап кыла баштай турган болсок, Орусия дагы жүз шарттарды коё баштайт.

— Аймактар маселеси Путин экөөбүздүн ортобузда калуусу керек.

Эң көп окулган жаңылыктар