Нарында көпүрө урап, жүк ташуучу унаанын кулаган учуру видеого түшүп калган

11:53, 19 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Социалдык тармактарда Нарын районундагы көпүрө кулап жатканда жүк ташуучу унаа дарыяга кулап түшкөн учур тартылган видео пайда болду.

Эске салсак, 13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап кеткен. Унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган жаран кырсыктан кийин дайынсыз болуп, 2 күндөн кийин сөөгү табылган.

Көпүрө 1958-жылы курулуп, кооптуу деп табылган. Тургундар жана блогерлер анын абалы тууралуу бир нече жолу эскертип келишкен. Транспорт министрлиги жаңы көпүрөнү 21 күндүн ичинде куруп берүүнү убадалады.