12:26, 19 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Онкологияны дарылоодогу мамлекеттик монополиядан чыгуу кыргызстандыктардын жашоосун жеңилдетет. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев журналисттерге эртең мененки брифингде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин онкологиялык оорулууларды мамлекеттик клиникалар гана дарылап келген. «Эми бул укук жеке клиникаларга берилип калды. Мурда жакшы дарыгерге көрүнүү үчүн көпкө күтүшчү. Ал эми рак оорусуна келгенде ар бир мүнөт маанилүү. Эл чет өлкөгө барып дарыланууга аргасыз. Мындай мүмкүнчүлүк ар кимдин эле колунан келе бербейт. Же чет өлкөдө жүргөндө анализ тапшырып, операция күтүү бир топ каражатты талап кылат. Бул карапайым жарандарга оорчулук жаратат», — дейт А. Кадыралиев .
Юстиция министрлигинин башчысы Аяз Баетов белгилегендей, учурда жеке клиникаларга эки лицензия берилген.
«Бул чоң кадам, бирок мамлекет көзөмөлдү кармап турганын белгилеп кетким келет. Буга чейин да жарандар Кыргыз Республикасынан дарыгерлерди чет өлкөгө алып барып, ал жакта операция жасап, анан чогуу кайтып келген учурлар болгон. Мындан ары мындай болбошу керек. Жарандарга тандоо укугун берүү керек», — деп кошумчалады ал.