Бүгүн, 2025-жылдын 19-августунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдын 29-июлунда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президентине видео кайрылуу жолдонгон Ажиева Наргизаны кабыл алды. Анда мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоосу үчүн өткөрүп берүү маселесин карап чыгуу өтүнүчү айтылган. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда турмуштук оор кырдаалын, ошондой эле Н.Ажиеванын оор дартка чалдыккан баласы бар экенин эске алып, ага мурда конфискацияланган батир жана жаңы автоунаа тапшырылды.
Белгилей кетсек, өлкө мыйзамдарына каршы келген «веб-кам» аталышындагы студияларын иштетүүдөн түшкөн мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюкан кылмыштуу топ түзгөндүгү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясынын токтому менен Ажиев Даниэлдин мүлктөрүнө камак салынып, андан ары конфискацияланып мамлекеттин балансына кирешеленген. Конфискацияланган мүлктөрдүн жалпы наркы 262 миллион сомду түзгөн.