15:08, 19 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Өлкөдө эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо иштери жүрүп жатат. Аларды «Кыргызавтожол-Түндүк» жана «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканалары ишке ашырууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Өндүрүш-инновация борбору» мамлекеттик ишканасынын алдында ачылган цехте жыл башынан бери 7227 жол белгиси даярдалган.
Мындан сырткары жол кызматкерлери жол сызыктарын түшүрүү, аялдамаларды сырдоо сыяктуу жалпы жол тейлөө иштерин активдүү жүргүзүүдө.