15:24, 19 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
КР Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Күзөт жана коштоо департаментине 81 млн сомго заманбап жабдуулар берилди. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз борбору билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ЖАМК төрагасы Чыңгыз Кожошев катышты. Техникаларды Камчыбек Ташиев Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырды.
Берилген заманбап техникалардын баасы 81 млн сомду түзөт. Анын ичинде:
14 даана атайын техникалар;
191 видеобайкоо камералары;
9 квадрокоптерлер (дрондор);
450 боди камералар (видеорегистратор)
Жаңы жабдуулар жана атайын техникалар Күзөт жана коштоо департаментинин ишин жакшыртып, кызматкерлердин коопсуздугун камсыздап, мекемелерде тартипти жана көзөмөлдү күчөтөт.