18:01
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

Салык мыйзамында өзгөрүүлөр: айыл чарба тармагында кандай жеңилдиктер каралган?

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видео маегинде айыл чарба жерлерине каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал кабыл алынган салыктык жеңилдиктердин негизги максаты — фермерлердин салыктык жүгүн азайтуу жана агрардык секторду өнүктүрүүгө түрткү берүү экендигин баса белгиледи.

Өзгөртүүлөргө ылайык, бул тармакты колдоо максатында айыл чарба жерлерине карата жер салыгынан бошотуу мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылды.

Ошондой эле мал сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн кошумча эсептелген салыктарды кечүү чарасы каралган. Эгерде ишкер мал сатуу боюнча эсептелген салыктын негизги суммасынын 20 пайызын төлөсө, салык калдыгынын калган бөлүгү, ошондой эле 100 пайыздык өлчөмдөгү туум жана салыктык санкциялар толук кечирилет.

Бирок, соттун айыптоочу өкүмү же ишкердик субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аякталбаган жаза иши болсо эсептен чыгаруу жүргүзүлбөйт.

Кубанычбек Ысабековдун айтымында, мындай чара көптөгөн субъекттерде дыйкандардан сатып алууда керектүү документтер жок болгонуна байланыштуу, фермерлер тарабынан, мисалы, электрондук эсеп-фактураларды берүү көйгөй жараткандагынан кабыл алынган.

«Ошону менен бирге мындан ары биз фермерлер тарабынан кыйла жөнөкөйлөштүрүлгөн документти берүү же алмаштыруу маселесин иштеп чыгабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, айыл чарба тармагы Кыргызстандын экономикасынын негизги багыттарынын бири болуп саналат. 2025-жылдын биринчи жети айында эле бюджетке айыл чарба тармагынан 676,6 млн сом салык түшкөн, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 89,9 млн сомго көп. Мында салыктык түшүүлөр жыл сайын өсүүдө: 2023-жылы 818,8 млн сомду түзсө, 2024-жылы 1 млрд 40 млн сомдон ашкан.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Калкка жана ишкердик субъекттерге салык жүгүн азайтуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Мыйзамда бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, экономикалык туруктуулукту колдоого жана өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар салыктык жеңилдиктер каралган.

Эң көп окулган жаңылыктар