Кыргызстандык парадзюдочулар Египетте өткөн мелдеште эки медаль утуп алышты

16:50, 19 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Фото Кыргызстандын Пара дзюдо федерациясы
Кыргызстандыктар IBSA JUDO GRAND PRIX турниринде парадзюдо боюнча эки медаль утуп алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Пара дзюдо федерациясы социалдык тармактарда билдирди.

Мелдешке 52 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Фердауз Убарикова менен Уланбек кызы Айбике коло медалга ээ болушту.

Турнир 18-19-август күндөрү Египеттин Гиза шаарында өттү.

Белгилей кетсек, IBSA JUDO Гран-при мелдештери Паралимпиадалык оюндарга баруучу жолдогу маанилүү этап болуп саналат, мында спортчулар керектүү рейтингдик упайларды топтоп, расмий классификациядан өтүшөт.