18:26
USD 87.45
EUR 101.92
RUB 1.09

«Курак» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат

Пусан эл аралык кинофестивалынын алкагында маркум режиссер Эмил Атагелдиев менен режиссёр-продюсер Эрке Жумакматованын «Курак» кыргыз тасмасы дүйнөлүк экранга тартууланат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма "Азия көрүнүшү«(Asian Vision) сынактык программасына киргизилип, анда «Мыкты Азия тасмасы» номинациясында баш байге үчүн ат салышат.

Маалым болгондой, долбоор КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылган.

30-юбилейлик Пусан Эл аралык кинофестивалы 2025-жылдын 17-сентябрынан 26-сентябрына чейин Корея Республикасынын Пусан шаарында өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар