16:19
USD 87.45
EUR 102.10
RUB 1.09

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

Аламүдүн айылында 20-августтан 22-августка чейин орточо жана төмөнкү басымдагы газ түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүү көчөлөр менен чектелген аймакка таасирин тийгизет:

Аламүдүн айылы, Древесная көчөсү, ГЭС-2 көчөсү, Гогол көчөсү, Чернышевский көчөсү, ЧЧК, Куликовский кондитердик цехи.

«Бишкекгаз» газ кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү учурунда абоненттерди альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат. Иштер газды ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар