Кыргызстандын түштүгүндө дагы жер титирөө катталды

09:17, 20 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандын түштүгүндө дагы жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 19-августта саат 22:55те катталган. Жер титирөөнүн очогу Фергана кырка тоолорунда, Кош-Дөбө айылынан 17 чакырым түштүк-батышта, Кара-Дөбө айылынан 25 чакырым түндүк-чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 100 чакырым чыгышта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Дөбө, Кош-Дөбө, Байбиче, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга жакын болгон.

Эске салсак, 18-августта сейсмологдор да өлкөнүн түштүгүндө жер титирөө болгонун билдиришкен.