16:19
USD 87.45
EUR 102.10
RUB 1.09

Пара талап кылуу. УКМК Эсеп палатасынын дагы бир инспекторун кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Эсеп палатасынын мамлекеттик инспекторун пара талап кылуу фактысы боюнча кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз борбору билдирди.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы

Атайын кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын май айында Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору И.М.А. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө пландык текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыргандыгы үчүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен опузалап акча талап кылуу жолу менен 800 миң сом алганы аныкталган.

Өз кезегинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлери социалдык объектини куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде жеңүүчүлүктү ыйгаргандыгы үчүн подряддык компаниядан 10 пайыздык сый акы түрүндө акча каражатын алышкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эсеп палатасынын кызматкери И.М.А. кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин УКМК кызматкерлери тарабынан Эсеп палатасынын дагы бир мамлекеттик инспектору Б.М., ошондой эле ортомчу 700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алып жаткан жеринен кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар