Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жеңиш жана Хан-Теңири чокуларынын аймагында альпинисттерди куткаруу жана эвакуациялоо операциясын жүргүздү. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, операцияга КР Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик учкучтары тартылган.
Бир күн мурда ыңгайлуу аба ырайынына байланыштуу куткаруу иштерин кайра баштоого мүмкүндүк берди. Коргоо министрлигинин эки тик учагы алты рейс жасаган.
Жогорку тоолуу Түштүк Энилчек жана Поляна лагерлерине 62 адам (альпинисттер, куткаруучулар жана туристтер) жеткирилген. Түндүк Энилчек лагеринен 30 адам түшүрүлгөн, алардын арасында Улуу Британиянын, Кытайдын, Казакстандын, Россиянын жана Кыргызстандын жарандары бар.
Ошондой эле 16-августта Хан-Теңири чокусунун аймагында каза болгон Орусиянын жараны Алексей Ермаковдун сөөгү жеткирилген.
Буга чейин орусиялык альпинист Наталья Наговицина Жеңиш чокусунда жети күн тыгылып калганы айтылган. Аба ырайынын начардыгы Коргоо министрлигине куткаруу иштерин эртерээк баштоого мүмкүндүк бербей жаткан.
Жабыркагандардын бир бөлүгү Бишкектин медициналык мекемелерине жеткирилет.