Эртең Бишкектин эки районунда таза суу өчүрүлөт

10:32, 20 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарында 21-августта саат 10:00дөн 21:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өчүрүлүүчү аймактар Горький — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Койбагаров — Юнусалиев — Скрябин — Матросов — Медеров — Бектенов көчөлөрү менен чектелет.

Фото Бишкек мэриясы. Ичүүчү суу 21-августтан тарта убактылуу өчүрүлөт

Анын себептери суу түтүгүн өчүрүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштери менен байланыштуу болууда.

Ошондой эле, саат 10:00дөн 17:00гө чейин Чоң-Арык айылынын Чодуронов, Береговая көчөлөрүндө таза суу өчүрүлүшү күтүлүүдө.

Фото Бишкек мэриясы. Ичүүчү суу 21-августтан тарта убактылуу өчүрүлөт

Маалым болгондой, суу берүүнүн токтотулушу күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу болуп жатат.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.