11:08, 20 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com
Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү «Апамдын Каттамасы» оңдоодон өткөндөн кийин кандай өзгөргөнүн көрсөттү.
Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда «Дорожный-Боом» унаа жолунда оңдоо иштеринин 95 пайызы аяктады. Жакында жол толугу менен жаңыланып, облустун тургундары жана коноктору үчүн дагы ыңгайлуу жана коопсуз болот.
Бүгүнкү күндө тамак-аш түйүндөрүнүн унаа токтотуучу жайына асфальт төшөлүп, тротуар, гүл отургузуучу аянтчалар курулду.
Эске салсак, өкмөт июнь айында «Апамдын Каттамасы» тамак-аш жайын айланма жолдогу Чолок айылына көчүрүү чечимин кабыл алган. Миңдеген туристтер пияз кошулган улуттук нандан ооз тийип, самоордон сүт кошулган чай ичүү үчүн токтогон жер өзүнөн өзү пайда болуп, расмий уруксатсыз иштеп турган.