17:44
USD 87.45
EUR 102.10
RUB 1.09

Кыргызстандын өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулары XX дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар Сауд Арабияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-августта Бишкектеги «Динамо» стадионунда өрт-куткаруу спорту боюнча эркектер арасында өтүүчү XX дүйнөлүк чемпионатта өлкөнүн намысын коргой турган курама команданы түзүү боюнча квалификациялык мелдештер өттү.

Тандоого Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын жана ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгынын спортчулары катышты. Катышуучулар кесиптик чеберчилик жана спорттук машыгуу боюнча күч сынашты.

Мелдештин максаты күчтүү жана даяр команданы калыптандыруу, куткаруучулардын профессионалдык деңгээлин жогорулатуу, эл аралык мелдештердин алкагында тажрыйба алмашуу болгондугу белгиленген.

Тандоо жыйынтыгында Кыргызстандын намысын дүйнөлүк аренада коргоого аттана турган мыкты куткаруучулар командага киргизилди.

Эң көп окулган жаңылыктар