17:44
USD 87.45
EUR 102.10
RUB 1.09

Президенттик «Манас» камералык оркестри бишкектиктерди концертке чакырат

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Президенттик «Манас» камералык оркестри Бишкек мэриясынын колдоосу менен 22-августта жаңы концерттик сезонун ачат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер» долбоорунун алкагында саат 19:00дө борбордук Ала-Тоо аянтында концерт болот.

Бул кеченин дирижерлук стендде маэстро Медет Осмонов болот. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова, Атахан Айбек уулу оркестрдин коштоосунда чыгышат.

Мэрия борбор калаанын бардык тургундарын жана конокторун бул кечтерге кошулууга жана ачык асман алдында жандуу музыкадан ырахат алууга чакырат.

Кирүү акысыз.

Эң көп окулган жаңылыктар