Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана активисттер менен биргеликте Ысык-Көлдүн жээгинде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты айлана-чөйрөнү коргоо, эс алуучуларга таза жана коопсуз шарттарды түзүү, калк арасында экологиялык маданиятты калыптандыруу болду.
Акциянын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан жээкке чогулган тиричилик таштандылары, желим бөтөлкөлөр жана башка таштандылар жыйналып, аймак ирээтке келтирилди.
Григорьевка айылында да таштанды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Уюштуруучулар мындай иш-чараларга катышуу жарандардын аймактын жаратылыш мурастарын сактоо боюнча жоопкерчилигин жогорулатууга жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө коомчулуктун көңүлүн бурууга жардам берет деп ишенишет.Буга чейин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мекендештерди жаратылышка аяр мамиле кылууга, таштанды таштабоого чакырган.