17:44
USD 87.45
EUR 102.10
RUB 1.09

Ысык-Атада балыктар жапырт өлгөн. Айыл чарба министрлиги себебини атады

Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Киров айылындагы «Новое озеро» балык чарбасынын көлмөсүндөгү балыктардын массалык кырылышынын себебини атады.

Санитардык-бактериологиялык текшерүүнүн жыйынтыгыгында аталган суунун үлгүсүндө нормадан бир нече эсе ашкан көрсөткүчтөр аныкталды. Бул төмөнкү терс таасирлерге алып келиши мүмкүн:

Кычкылтек жетишсиздиги: бактериялар жана органикалык калдыктар кычкылтекти азайтат, бул гипоксияга алып келет;

Метаболизмдин бузулушу: аммиактын жогору деңгээли жаныбарларга жана ички органдарга терс таасир берет;

Экологиялык тең салмактын бузулушу: суунун микрофлорасы жана азыктык чынжыр бузулат;

балыктардын массалык өлүмү жана репродукциянын төмөндөшү.

«Мындай жыйынтык суунун сапаты санитардык-экологиялык нормаларга жооп бербей турганын айгинелейт. Анализдер суунун бактериалдык жана химиялык булганганын тастыктайт. Бул балыктарга жана жалпы экосистемага олуттуу коркунуч жаратат», — деп айтылат корутундуда.

Эң көп окулган жаңылыктар