Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёеваны кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоону талкуулашты.
Мамлекет башчысы Өзбекстандын президенти менен биргелешкен күч-аракеттердин аркасында кыргыз-өзбек алакалары мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүгүп, чыңдалып жатканын белгиледи.
Өз кезегинде Саида Мирзиёева кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин саламын жана эң жакшы каалоолорун айтты.
Саида Мирзиёева жаштар саясатын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, буга чейин эле командалык духтун жана эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда достук мамилелерди орнотуунун символу болуп калган Бишкекте өткөрүлө турган «Заковат» интеллектуалдык оюну жөнүндө айтып берди.
Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёевага жооптуу мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.