05:46
USD 87.44
EUR 101.77
RUB 1.08

Ысык-Көлдөгү мектеп-интернаттын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Барскоон айылындагы мектеп-интернат

Жети-Өгүз районундагы мектеп-интернатынын имаратынын мыйзамсыз менчиктештирилген бир бөлүгү мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалымтка караганда, 2003-жылы Жети-Өгүз районунун аймагында мектеп-интернатынын имаратынын 468 чарчы метр бөлүгү жана ага чектеш Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 чарчы метр имарат мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылган. Андан ары имараттар «Б» ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.

УКМК басма сөз кызматы
Фото УКМК басма сөз кызматы. Интернаттын аянты жана имаратынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында менчик ээси өзүнүн социалдык объектиге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мектеп-интернаттын имаратынын бир бөлүгүн жер участогу менен бирге Барскоон айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

Атайын кызмат жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объектилерди аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар