Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу токтотулат

08:30, 21 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин

Горький — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Койбагаров — Юнусалиев — Скрябин — Матросов — Медеров — Бектенов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.