Пайдалуу кеңеш: Уктаар алдында сүт азыктарын жеген туурабы?

11:21, 21 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Адамдар кечинде сүт азыктарынан баш тартышы керек. Көрсө, алар кооптуу жана коркунучтуу түштөрдү жаратышы мүмкүн. Бул тууралуу Championat.com сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,1000ден ашуун адам катышкан изилдөө түнү жеген сүт, сыр жана йогурт жаман түш көрүүгө байланыштуу башка азыктарга караганда көбүрөөк экенин көрсөттү.

Изилдөөнүн автору, доктор Торе Нильсендин айтымында, ичеги-карын оорулары (газ, шишик, карышуу) уйкунун сапатына таасирин тийгизип, аны үзгүлтүккө учуратат. Бул, өз кезегинде, тынчсыздандырган түштөрдү эстеп калуу ыктымалдыгын жогорулатат.

Америкалык Уйку медицинасы академиясынын өкүлү жана Калифорния университетинин Дэвид Геффен атындагы Медицина мектебинин профессору Дженнифер Л. Мартин белгилегендей, уктаар алдында эң жаман сүт азыгы балмуздак болуп саналат. Бул десертти лактозаны кармай албаган жана тамак сиңирүү жөндөмү начар адамдарга кечинде жегенге болбойт.