Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды

12:55, 21 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ысык-Көл облусунда облустук ишембилик өтүп, анын жүрүшүндө жээктеги 155 гектарга жакын жер тазаланды. Бул тууралуу КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусундагы жалпы облустук ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.

Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү. 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды
Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды.

«Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду», — деп айтылат маалыматта.