Бишкекте мөмө-жемиштер сакталган кампанын 1,5 миң чарчы метр аянтты күйдү

14:11, 21 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 21-августта Бишкектин Октябрь районунун Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө мөмө-жемиш сакталган кампа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 11.55те Октябрь райондук No7 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, 12.15те № 5 бөлүмдөн дагы бир экипаж, 12.24тө 3-бөлүк тартылган. Жалпысынан үч бөлүм тартылган.

Жеке менчик даяр продукция сакталган кампа сэндвич панелдерден салынган. Ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, кожогат, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн.