Чүй менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин бир бөлүгү жабылат

08:30, 22 августа 2025, Бишкек - 24-kg.com

23-августтан 25-августка чейин Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын жол тыгындарын болтурбоо максатында жеке унаанын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.